Биз менен байланышыңыз

Ырчы Кайрат Примбердиевдин апасы: Кайрат эжесинин тапшырмасын да аткарып коёт эле

Кыска кабар , Пикирлер | 16 мая 2019 | 912 | 0

Энелер күнүнө карата белгилүү адамдар апасы менен «Марал» радиосунда маек курушту.

Кыргыз республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев апасы Гулипа Кубанычбековага арнап ырдап берди.

Гулипа Кубанычбекова:

— 3 баланы тарбияладым. Кайрат — кичүү уулум. 4 жашында Бишкекке көчүп келгенбиз. Кичинесинде бир нерсени бат кабыл алган зирек болчу. Жакындарыбыз: «Балаң башкалардан өзгөчө» дешчү. Эжесинин тапшырмасын алардан мурда аткарып коёт эле. Бир күнү эжеси Кайратты уруп жатыптыр. Эмне болду десем, «Кайрат мени уят кылды», — дейт. Көрсө, эжеси жаттай албай койгон ырды Кайрат жаттап, айтып берген экен. Кайрат мага алгач алтын шакек белек кылган. Келинчеги экөө  сюрприздерди көп жасашат. Уулум чет жакта сахнага чыкса, түнү менен уктай албай, «Көрсөңөр сонун болуп жатат», — деп бир туугандарымды, кызымды да тургузуп алам. 

Кайрат Примбердиев:

— Апам менен кошуна турабыз. Сырдашкан учурлар көп болот. Эне мээримин эч жерден таппайсың. Көчөгө чыгып бейбаштык кылып койсом да, кечирип койчу. Уруп койгон балдар апасын ээрчитип үйүбүзгө да келип калчу. Ошого карабай апам кечирип, жакшы көрө берет. Апам мени эч убакта катуу урушкан эмес. Жай айтса да, абдан жеткиликтүү кылып айтат. Майрамыңыз менен, апа! Бар болуңуз. Сиз биздин чырагыбыз, жылдызыбызсыңыз. Эч качан оорубаңыз, сиз деп жашайбыз. Неберелериңизди эркелетип жүрө бериңиз.

Copyright © 2017 Maral FM