Биз менен байланышыңыз

Кайрат Примбердиевдин жубайы жол кырсыгына кабылып, ага операция жасалды

Жакында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Кайрат Примбердиев жубайы Эля Примбердиеванын жол кырсыгына кабылганын Инстаграм баракчасы аркылуу билдирген. Жубайынын учурдагы абалы тууралуу Кайрат Примбердиев «Марал» радиосуна төмөнкүлөрдү билдирди:

«Кырсык болгон күнү мен Таласта болчумун. Кечээ, 24-ноябрда жаагына жасалган операция ийгиликтүү аяктады. Учурдагы абалы жакшы. Айдоочу да кеткен чыгымдын баарын төлөдү. Эч кандай дообуз жок, буюрса, бир жуманын ичинде ооруканадан чыгарылат».

Эля Примбердиева да жеке баракчасы аркылуу колдоо көрсөткөн бардык замандаштарга ыраазычылыгын айтты:

«Өзүмдү жакшы сезип калдым. Операция ийгиликтүү болду, эми тиштеримди жасатуу гана калды. Баарыңыздарга рахмат! Жылуу сөз жана моралдык колдоо — мен үчүн өтө маанилүү. Терең ыраазычылык, сиздер дагы сак болуңуздар!» — деп жазды ырчынын жубайы.

Copyright © 2017 Maral FM