Биз менен байланышыңыз

Клара Сооронкулованын апасы: Балдарымды «мама, папа» дедирткен жокмун

Кыска кабар , Пикирлер | 16 мая 2019 | 1939 | 0

Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулованын апасы Күлүйпа Сүйүмбаева да бүгүн бизде конокто болду. Ал жети баланы чоңойтконун айтып, кызыктуу маек курду:

— Майрам дайыма эл-журт, балдар менен болсун. Быйыл 85 жашка чыктым, жети баланы өстүрдүм. Балдарым менен сыймыктанам. 1954-жылы Таластагы мектепти күмүш медаль менен бүткөм. Клара да менин жолумду жолдоп, күмүш медаль менен бүттү. Кызым кичинекейинде эле абдан тың болчу. Чыбык алып келип, балдардын бутуна гана чаап коюп тарбиялачумун. Клара ал таякты жебей калды. Анткени, абдан сезимтал эле. Биринчи класстан тарта, өтө тың, чыйрак болчу. Орус жана кыргыз тилин мыкты үйрөндү. Биздеги үй-бүлөнүн өзүнүн эрежелери бар. Мисалы,балдарымды «мама, папа» дедирбей, «ата, апа» дедирип тарбияладым. Биздин үй-бүлөдө орусча сүйлөгөнгө уруксат берилчү эмес. Клара үйдө да болгонун болгондой калыстык менен сүйлөйт. Ошого карата атасы кызымдын сот болорун билгем деп калат. Ооруп турсам да, Клара ойлонбосун деп, мен сопсоомун дейм. Балдарымды көп эркелеткен жокмун, мектептеги окуучуларыма кандай мамиле кылсам, ошондой карачумун. Мен негизи балдарымды биринин кийимин бирине кийгизип эле тарбияладым. Ошого жараша ар кимиси өз арабасын тартып жатат. Учурда 30дай небере, 15тей чөбөрө болуп калды. Кудайдан тилегим эле биздин балалыкты, биз тарткан кыйынчылыктарды кийинки жаштар көрбөсө экен дейм…

Клара Сооронкулова:

— Биз чындыгында салттуу кыргыз үй-бүлөсүбүз. Апам турмуштун кыйынчылыгын көп көргөн. Бирок ага карабастан мектепти күмүш медаль менен бүтүп, 7 баланы тарбиялап, баарыбызды өз ордубузга тургузганына ыраазымын.  Мен кезинде абдан эрке болчумун. Атам эркелетсе, апам катуу кармачу. Атам кызматкер болгондуктан, кээде 1-2 күн көрбөй да калчубуз. Атам пенсияга чыккан соң, атам менен жакын мамиледе болуп алдык. Апам менен кеңешип турам, бирок көп учурда майда нерселерди айтпабыз. Бирок алардын акылы керек болгон маселе болсо кеңешебиз. Апамдын оюн угуп, сүйлөшүп отурган убак болот. Апа майрамыңыз менен! Сизге чоң ыраазычылык айтам, «Марал» радиосу чакырып калганда ойлонуп калдым, өз турмушуңуз менен үлгү болуп, көп нерсеге үйрөтүпсүз. Бар болуңуз, биз менен аман туруңуз! Биздин төрүбүздө отуруп, жакшылыктарыбызды гана көрүңүз!

Copyright © 2017 Maral FM