Биз менен байланышыңыз

Ошто уюштурулчу Рамазан чатыры 4000 кишиге эшигин ачат

Кыска кабар | 15 мая 2019 | 502 | 0

Ыйык Рамазан айынын урматына «Умма» Ислам журналы Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен Оштун борборунда масштабдуу Рамазан чатырын тигишет. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Бул социалдык-маданий жана кайрымдуулук долбоору 17-майдан 1-июнга чейин Бабур атындагы музыкалык-драма театрынын аймагында иш алып барат. 16 күн бою кызмат кылчу чатырда күн сайын 250 адамга ооз ачар уюштурулуп, жалпысынан 4000 кишиге дасторкон жайылмакчы.

Рамазан чатыры — түрдүү конфессия жана улуттар арасында диалог түзүүгө көпүрө болуп, достук атмосферасында биргелешкен ооз ачар иш-чараларын уюштуруу менен өз ара байланыштарды чыңдоого салым кошот. Конокторду таттуу даамдардан тышкары, Рамазан тууралуу баяндар, кызыктуу тасмалар, түрдүү сынактарды камтыган маданий программалар да күтөт. Рамазан чатырынын ачылышына Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан өкүлдөр, түрдүү конфессия, ишенимдин өкүлдөрү, маданий жана коомдук ишмерлер, диний аалымдар жана жардамга муктаж адамдар чакырылат.

Кошумчалай кетсек, Рамазан Чатыры Бишкекте 4-ирет, ал эми Ошто 2-жолу өткөрүлүүдө. Ар жолкусунда чатырдын жанына жардам пункттары да уюштурулуп, кайрымдуу адамдардан азык-түлүк, кийим-кечелер чогултулуп, алар муктаждарга таратылып турат.

Учурда даярдыктар жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM