Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жарандары кармалды

Кыска кабар | 15 мая 2019 | 403 | 0

Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Орусиянын аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте Москва шаарында жүргүзүшкөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кармалган жарандардын бирөө Өзгөн районунун 1988-жылы туулган С. Х. аттуу тургуну. Ал Кыргызстанда Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 30-беренеси, 204-беренесинин 3-бөлүмү (Аткезчилик), 247-беренесинин 2, 3-бөлүмдөрүндө (Баңгикаражаттарын сатуу) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн шектелип, мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн 2015-жылы издөө жарыяланган.

Экинчи жаран Кыргызстандын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 182-беренеси (жасалма ишкерлик), 203-беренеси (Жасалма кредит, тактап айтканда, эсептик карталарды жана башка төлөм документтерин даярдоо же өткөрүү) боюнча айып тагылып, издөөгө алынган. Д. С. аттуу бул жаран Жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси болуп турганда, 2015-жылдын июлунан баштап 2016-жылдын декабрына чейин ири суммадагы салыктарды жана камсыздандыруучу төлөмдөрдү чегербей качып жүргөн. Азыркы учурда ЖЧКнын карызы 3 000 000 сомду түзөт.

Учурда Д. С. жана С. Х.  аттуу жарандарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча маселелер чечилип жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM