Биз менен байланышыңыз

«Президент УКМКга реформа жасабаса, Атамбаевдин кейпин киет»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 мая 2019 | 454 | 0

Саясатчы Равшан Жээнбеков «Марал» радиосуна берген маегинде Улуттук коопсуздук комитети тез арада өзгөрбөсө, келечеги болбой турганын билдирди.

Анын айтымында, УКМКга парламенттик көзөмөлдү киргизүү зарыл. Ансыз мекеме өнүкпөйт. Бирок, келген ар бир президент жараксыз УКМКнын өмүрүн узартып келе жатат.

«Күнөөсү жок адам да УКМКга каршы чыга албайт. Азыр атайын кызматтын реформасын талап кылуу зарыл. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков реформага бара албаса, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кейпин киет, келечекте премьер-министрлери камалат. Мурдагы президенттер Бакиев да, Атамбаев да «бийликке келерим менен УКМКга реформа кылам» дечү. Бирок, келгенден кийин бул органды кайра бекемдеп, өздөрүнүн адамын койду. Анткени, УКМК шайлоодо бийликти сактап калууга жардам берет», — дейт Жээнбеков.

Ал буга кошумча, жакын арада УКМК боюнча тегерек үстөл уюштуруларын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM