Биз менен байланышыңыз

Орусиянын ИИМинин статс-катчысынын-орун басары «Шериктеш» медалы менен сыйланды

Кыска кабар | 14 мая 2019 | 482 | 0

Бүгүн, 14-майда Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Орусиянын Ички иштер министринин статс-катчысынын-орун басары Игорь Зубов менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Курсан Асанов эки министрликтин кызматташуусундагы актуалдуу багыттарды талкулоого кубанычта экендигин белгиледи.

«Кыргызстан менен Орусиянын Ички иштер министрлигинин ортосунда достук мамиле калыптанып, өнүгүүнү жана жакшыртууну улантып келет. Биз Орусиянын, анын ичинде Ички иштер министрлиги көрсөткөн моралдык жана материалдык-техникалык колдоолорду жогору баалайбыз», — деди Курсан Асанов.

Өз кезегинде Игорь Зубов мындан ары тыгыз жана жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар укук коргоо чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташуу чыныгы оң жыйынтыктарды алып келе тургандыгын айтышып, түзүмдөр ортосундагы мамилени бекемдөөнүн кийинки жолун талкуулашты.

Эки түзүмдүн ортосундагы мамилени өнүктүрүүдө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине кошкон салымдары үчүн Игорь Зубовду «Шериктеш» медалы менен сыйлады.

Copyright © 2017 Maral FM