Биз менен байланышыңыз

Мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы 16-майда башталат

Кыска кабар | 14 мая 2019 | 610 | 0

«Мектепке электрондук каттоо» долбоорунун экинчи этабы 16-майда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, 14-майга карата мектепке электрондук каттоо системасына 8465 өтүнмө катталды, анын ичинен 6 миңден ашуун бала кабыл алынды.

16-майга чейин кичи аймактар боюнча 1-класска электрондук өтүнмөлөр кабыл алынат. 16-майдан 15-августка чейин кичи аймактардан тышкары электрондук өтүнмөлөр кабыл алынат.

«Мектепке электрондук каттоо» долбоору – мектеп жашына жеткен балдарды (6-7 жаш) Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мекемелерине 1-класска каттоо жараянын автоматташтырууну камсыздоочу электрондук система. Система ушул жылдын 15-февралында ишке киргизилген.

Ата-энелер мектептердин тизмесин, бош орундардын санын, баланын мектепке катталуусун каалаган учурда компьютерден да, смартфондон да көрө алышат.

Copyright © 2017 Maral FM