Биз менен байланышыңыз

«Көзөмөл органдарын иштетүү үчүн бийлик бизнестен пара албашы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 мая 2019 | 484 | 0

УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов «Марал» радиосуна берген маегинде күйүүчү май рыногундагы аткезчиликти жоюу үчүн заманбап технологияларды колдонуп, көзөмөлдү күчөтүү зарыл экенин билдирди.

«Күйүүчү май рыногундагы аткезчиликти жоюу үчүн адам ресурсун алып салып, заманбап технологияларды колдонуу зарыл. Бирок Кыргызстан атайын андай системага өтпөй жатат. Көзөмөл органдарын иштетүү үчүн бийлик күчтүү болушу керек. Ал үчүн коррупциялык байланыш жок болушу кажет. Бийлик бизнестен пара алып, аларга байланбашы керек. Көзөмөл органдарын бышыктоо үчүн мамлекет буйрук бериши зарыл. Болбосо, шылуундук иштер токтобойт», — дейт Мамытканов.

Анын айтымында, күйүүчү май боюнча өкмөт казак тарап менен келишим түзсө да, Орусиядан келген бензин менен Казакстандан келген күйүүчү майдын бааларында айырма болот.

«Мыдайда май куюучу жайларды бөлүүгө туура келет. Бирок андай болбойт. Биз арзан бензин алып келсек, Салык жана Бажы кызматына төлөм аз түшөт. Натыйжада бюджетке аз каражат топтолот, бул мамлекетке зыян», — дейт Мамытканов.

Ал кошумчалагандай, мурда бензин маркасын жасалма жол менен жасоо болуп келген. Учурда токтоду деп эч ким кепилдик бере албайт.

Copyright © 2017 Maral FM