Биз менен байланышыңыз

Индонезияда шайлоодогу добуштарды саноодо 500гө жакын кызматкер каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 12 мая 2019 | 527 | 0

Индонезияда өткөн шайлоодогу түшкөн добуштарды саноодон улам каза болгон кызматкерлердин өлүмүнүн себептери инсульт жана инфаркт оорулары болгонун Индонезиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлаганын Strait Times газетасы жазды.

Буга чейин добуш санап чарчап, каза болгон кызматкерлердин саны 92ге жеткенин жана 2,5 миң адам ооруканага түшкөнү айтылган болчу.

Индонезиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, өлкө боюнча шайлоодогу добуштарды саноодон улам каза болгондордун саны 496 адамга жеткен. Эң көп Батыш Жава провинциясында 131 кызматкер каза болгон. Ошондой эле Индонезиянын Борбордук Шайлоо Комиссиясы каза болгон кызматкерлердин орточо жаш курагы 50-70 жаш болгондугун кошумчалады.

Эске салсак, 21-апрелде бийликтин бардык тармагына талапкерлерди шайлоо өткөн. Президент, премьер-министр, парламент, жергиликтүү бийликтер, шаардык жана айылдык кеңештерди шайлоо Индонезиядагы эң көлөмдүү шайлоо катары саналат. Индонезиянын ар бир шайлоого катышкан жараны 5 шайлоо бюллетенин толтуруп, 5 башка урнага салууга туура келген. Шайлоого жалпы добуш берүүгө катталгандардын 80 пайызы катышкан. Добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы 22-майда жарыяланат.

Copyright © 2017 Maral FM