Биз менен байланышыңыз

Кочкор районунда милициянын көчмө кабылдамасы эл менен иштешүүдө

Кыска кабар | 11 мая 2019 | 728 | 0

Нарын облусунун Кочкор райондук Ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы айылдарды кыдырып, жергиликтүүлөрдөн арыз кабыл алышууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бул жолу Көк-Жар айылын кыдырып, эл менен жолугуп, кылмыштуулук жана турмуш-тиричиликке байланышкан ар түрдүү арыз-даттанууларды алышты.

Көчмө кабылдама ИИМ тарабынан онлайн режимде  көзөмөлдөнүп турат. Түшкөн арыздар атайын катоо китепчесине катталып, ар кандай даттанууларга тиешелүү жооптор берилет.

Кочкор РИИБинин көчмө кабылдамасы жыл башынан бери 26 жолу айылдарды кыдырып, 75 арыз-даттанууну кабыл алган.

Copyright © 2017 Maral FM