Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абаддагы өрт чектөөгө алынды

Кыска кабар | 10 мая 2019 | 110 | 0

Жалал-Абад шаарындагы нефтебазадан чыккан өрт саат 17:25те чектөөгө алынды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин маалымат кызматы билдирди.

Учурда өрттү өчүрүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, Өрт өчүрүү кызматына кырсык боюнча маалымат  бүгүн саат 9:59да келип түшкөн. Болжол менен 2000ге жакын адам коопсуз жайга көчүрүлүп, өрттөн жабыркаган 1995-жылы туулган Ж. у. Б. аттуу жаран Жалал-Абад шаардык ооруканасына жеткирилген.

Кошумча маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM