Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Улуттук банктын төрагасын кабыл алды

Кыска кабар | 10 мая 2019 | 507 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-майда өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Толкунбек Абдыгуловду банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн эмгектенүүнү каалады.

Толкунбек Абдыгулов өлкөнүн аймактарында накталай эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү, банк карталарын, банкоматттарды, төлөм терминалдарын жана POS-терминалдарды пайдаланууну жайылтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана милдеттер тууралуу кыскача маалымат берди.

Улуттук банктын төрагасынын маалыматына караганда, 2018-жылдын жыйынтыктары боюнча төлөм карталарынын саны 2017-жылга салыштырмалуу 20 %га өскөн жана 2,4 млн. даанага жеткен. Төлөм карталары менен 38 млн. операция жүргүзүлгөн, өсүш 32 %ды түзгөн. 2019-жылдын айгачкы айларына карата бардыгы болуп  1 583 банкомат иштейт, өсүш 12 %ды түздү, ошондой эле, 10046 POS-терминал бар, өсүш 21,3 %га жеткен. Төлөм терминалдарынын өсүшү 31,5 %ды түздү, ушул жылдын башына карата алардын саны 1606 даана болду.

Мамлекет башчысы накталай эмес эсептешүүлөрдүн жана мобилдик банкингди тезирээк өнүктүрүүнүн маанилүү экенин айтты. Ал ар бир айыл өкмөтүн банк инфраструктуралары менен камсыз кылуу жана өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында аймактардагы калкка банк кызматын көрсөтүүнү жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банк Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду жана «Кепилдик фонд» ачык акционердик коому менен биргеликте Баткен, Талас жана Нарын облустарында старт-ап долбоорлорун каржылоо программасын иштеп чыкканын айтты. Жергиликтүү дыйкандар өндүргөн айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү боюнча старт-ап долбоорлорду каржылоого 1 млн. доллар бөлүү каралууда. Бул программанын катышуучулары үчүн насыяларды берүүнүн жеңилдетилген талаптары каралган, ошондой эле күрөө менен камсыз кылуу да жеңилдетилет. Андан тышкары, республикадагы бардык 453 айыл өкмөтүндө банкоматтарды жана POS-терминалдарды орнотуу боюнча иштер башталды.

Жолугушууда ошондой эле, банктарды «Түндүк»  ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү системасына кошуу, банк кызматтарын көрсөтүүдө жаңы технологияларды колдонуу, насыялардын үстөгүн азайтуу, эл аралык акча которууларды жүргүзүү учурундагы тоскоолдуктарды четтетүү боюнча пикир алмашуу болду.

Copyright © 2017 Maral FM