Биз менен байланышыңыз

Жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо боюнча Жарлыкка кол коюлду

Кыска кабар | 10 мая 2019 | 445 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана аларды Жалал-Абад, Чүй жана Нарын облустук сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө Жарлыккка кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбековго Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан Жогорку сотуна, Чүй облустук сотуна жана Ош шаардык сотуна бирден талапкерди, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустук сотуна 2ден жана Нарын облустук сотуна 6 талапкерди — жалпысынан 13 талапкерди судьялык кызмат ордуна дайындоо боюнча сунуш киргизилген. 6-майда мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен мамлекет башчы жергиликтүү сотторго 6 талапкер боюнча аталган кеңештин сунушуна макул болду.

Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, мамлекет башчысы 7 талапкердин документтерин Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңешине кайтарып берди.

Мамлекет башчысы жергиликтүү соттордун 6 талапкери боюнча жарлыктарга кол койду.

Биринчи жарлык менен Кыргызстандын жергиликтүү сотторунун судьясы болуп, 6 талапкер дайындалды.

Экинчи жарлык менен ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн төмөнкү судьялар дайындалган аймактарга жиберилди:

Жалал-Абад облустук сотуна — Адилет Чоноев;

Чүй облустук сотуна — Жыргал Мурзалиева;

Нарын облустук сотуна — Кайридин Бакиров , Нурлан Малдыбаев, Женишбек Мелсов, Улукбек Мукамбетов;

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM