Биз менен байланышыңыз

Президент банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 10 мая 2019 | 517 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-майда банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчы куттуктоосунда банк чөйрөсү Кыргызстан экономикасынын динамикалуу өнүгүп келе жаткан секторлорунун бири экенин белгилейт.

«Республиканын аймактарын бирдей өнүктүрүү максатына финансы каражаттарын облустарга багыттоо ишин улантуу өтө маанилүү. Аймактарда ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган атаандаштыкка жөндөмдүү долбоорлорду активдүү карыжылоо зарыл. Биринчи кезекте кайра иштетүүчү жана экспортко багытталган ишканаларга көңүл буруу керек», — деп белгилейт өлкө башчысы куттуктоосунда.

Президент санариптик технологияларды киргизүү аркылуу насыялардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, аларды арзан жана бюрократиялык тоскоолдуктарсыз, кыска мөөнөттө берүү зарылдыгын белгиледи.

«Коммерциялык банктардын ролун жогорулатуу өтө маанилүү. Алар насыяларды көп берип, инвесторлор жана аманатчылар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, эң алдыңкы банк технологияларын колдонуу менен төлөм системасын өнүктүрүүгө милдеттүү», — деп айтылат куттуктоодо.

Өлкө жарандарынын бакубат турмушу жана коомубуздун гүлдөп-өнүгүшү банк кызматкерлеринин кажыбас эмгегине, ак ниет жана тыкан иштешине байланыштуу болорун мамлекет башчысы айтып өттү.

«Банк кызматкерлеринин кесипкөйлүгү, бай тажрыйбасы жана чыгармачыл дарамети өлкө экономикасын өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу максаттарга жетүүгө өбөлгө болот деп ишенем», — дейт президент өз куттуктоосунда.

Copyright © 2017 Maral FM