Биз менен байланышыңыз

Улуу Ата Мекендик согушка катышкан искусство өкүлдөрү (тизме)

Кыска кабар | 9 мая 2019 | 1749 | 0

Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан акын-жазуучулар, искусство ишмерлери да катышкан. Тактап айтканда, 1941-1945-жылдар аралыгында элдин бейпилдиги жана тынчтыгы үчүн калемин куралга алмашып, кастар менен кан-жанын аябай кармашкандардын катарында Кыргыз ССРинин искусство өкүлдөрү да болгон.

Ошол кезде кыргыз маданиятын жана искусствосун сактап калуу аракеттери көрүлүп турганындыктан, согушка аттанган маданият өкүлдөрүнүн дээрлик көпчүлүгү Ата журтуна аман келишкен. Тилекке каршы, алардын айрымдары кан майдандан кайтпай калган.

Согуш жылдарында СССРдин маданият ишмерлери майдан менен бирге ооруктагы окуяларды, күнүмдүк жашоолорду үзбөй жазып, адабият менен маданият тармагында чыгармалар жарыяланып турган. Ошол эле учурда, Мекенинде калган маданият ишмерлери да жоокерлерге дем-күч берүү максатында кан күйгөн майдандын өзүндө оюн-зоок тартуулап, жергиликтүлөрдүн жардамын жеткирип турууга кызмат өтөшкөн. 

Улуу Ата Мекендик согушка барган акын-жазуучуларыбыздын жана фронтко барып, маданий программаларды уюштурган мекендештерибиздин тизмесин сунуштайбыз:

(Эскертүү: Тизме толук эмес)

1. Абдукаимов Узакбай
2. Абдыкаримов Мамасалы
3. Абдылдаев Насыркул
4. Акаев Кубаныч
5. Алдашев Абдулхай
6. Андабеков Сейитказы
7. Арбуду Арли Арзасович
8. Ашуубаев Жекшен
9. Байгабылов Талантбек
10. Байзаков Түмөнбай
11. Бектенов Зияш
12. Бектенов Касымалы
13. Борцов Анатолий Константинович
14. Бөкөнбаев Жоомарт
15. Бөлөкбаев Самансур
16. Дөгдүров Муххамед
17. Егиналиев Санжы
18. Ералиев Садыбакас
19. Жакыпов Мамат
20. Жамансариев Шайык
21. Жамгырчинов Жума
22. Жумабаев Үсөнкул
23. Жумакматов Асанкан
24. Жусуев Сооронбай
25. Имшенецкий Николай Иванович
26. Кабеков Сапарбек
27. Кадыров Досой
28. Каимов Касым
29. Керимбаев Сүйүн
30. Керимбеков Күлчоро
31. Кийизбаева Сайра
32. Кондучалова Күлүйпа
33. Көкеев Илике
34. Күмүшалиев Көпбай
35. Күрүчбеков Акынбек
36. Кылычев Абдрасул
37. Мавлянов Жунай
38. Маликов Кубанычбек
39. Мамажанов Жумакадыр
40. Мамакеев Анарбек
41. Маниязов Медел
42. Меньшиков Михаил Петорвич
43. Озмитель Евгений Кузмич
44. Орозалиев Бекпо
45. Осмонов Абдрасул
46. Өмүрканова Мыскал
47. Салиев Азиз
48. Самаганов Жээнбай
49. Сариев Дүйшөн
50. Сопиев Аскар
51. Сулайманов Исраил
52. Түгөлов Нурдин
53. Турусбеков Жусуп
54. Удалов Николай
55. Үмөталиев Темиркул
56. Усубалиев Шаршен
57. Фиксин Сергей
58. Хавазов Якуб Диказович
59. Чекменов Николай Семенович
60. Шамшиев Төлөн
61. Швембергер Виктор
62. Шиваза Ясыр
63. Шүкүрбеков Райкан
64. Ырсалиев Керез
65. Элебаев Мукай
66. Эралиев Сүйүнбай
67. Эсенкожоев Кусейин

Copyright © 2017 Maral FM