Биз менен байланышыңыз

Казакстанда эркин маалымат каражаттарынын сайттарына бөгөт коюлду

Кыска кабар | 9 мая 2019 | 466 | 0

Казакстанда бүгүн, 9-майда айрым эркин массалык маалымат каражаттарынын интернет сайттары иштебей жатат. Бул тууралуу социалдык тармактардын колдонуучулары жазып чыгышты.

Казакстандын аймагында HOLA News Kazakhstan, informburo.kz, «Власть», Интернет-журнал, «Радио Азаттык», «Уральская неделя», «Время» , The Village, Lada.kz, Новости Актау, Акжайык жана Exclusive.kz. маалымат сайттары жабылып калган.

Эске салсак, буга чейин Казакстандын Башкы прокуратурасы жарандарды 9-майда митингге чыкпоого жана ар кандай чакырыктарга алдырбоого чакырган болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM