Биз менен байланышыңыз

Алтайда көчкүдө калып каза болгон туристтердин төртөөсү табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 мая 2019 | 488 | 0

Орусиянын Алтай тоолорунда кар көчкү басып каза болгон 7 туристтин төртөөнүн денеси табылды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.

Кечээ, үчөө табылса, бүгүн эртең менен дагы бирөөсүн табышкан. Азырынча алардын өздүгүн таануу үчүн тийиштүү жерге жөнөтүлө элек.

Эске сала кетсек, 9 адамдан турган туристтик топ 6-майда кар көчкүдө кабылып, жетөөсү көз жумган. Кырсык Орусиядагы Алтай Республикасынын Түштүк-Чүй тоо кыркасында болгон.

Маалыматка ылайык, аман калган эки кыз 8-майда Кош-Агач айылына түшкөн. Тоодо байланыш жоктугунан улам, окуя тууралуу буга чейин билдире алышкан эмес. Маалымат кечээ гана берилген.

Каза болгон туристтердин сөөгүн издөө үчүн куткаруу топ дайындалып, тик учак менен Тоолуу Алтайда иш алып барууда.

Copyright © 2017 Maral FM