Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад облусунун аймагында жер силкинди

Кыска кабар | 9 мая 2019 | 397 | 0

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, силкинүү саат 20:28де Жалал-Абаддын аймагында катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Зилзала Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун Күмүш-Азиз, Жийде, Бек-Абад айылдарында 4 балл, Октябрь, Багыш, Таш-Булак, Жар-Кыштак, Бостон айылдарында 3,5 балл жана Базар-Коргон районунун Жаңы-Акман айылында 3 баллга чейин сезилген.

Copyright © 2017 Maral FM