Биз менен байланышыңыз

Ош шаарындагы турак үйлөрдөн чыккан өрт чектөөгө алынды

Кыска кабар | 8 мая 2019 | 483 | 0

Бүгүн, 8-май күнү, болжол менен саат 12:23 чамасында Ош шаарынын Пахта көчөсүндөгү № 11, 13, 15 турак үйлөрдөн өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 4 бөлүмү, шаардык штабы жана Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун ыкчам тобу ишке тартылган. Мындан сырткары, жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн «Тез жардам», «Газ авариялык» кызматтары келген.

Өрт саат 14:57де чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM