Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Президенттикке талапкерлерди каттоо мөөнөтүнөн эрте токтоду

Дүйнө , Кыска кабар | 8 мая 2019 | 589 | 0

Казакстандын борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттик шайлоого талапкерлерди каттоону мөөнөтүнө мурда токтотту. Бул тууралуу бүгүн БШК жыйынында маалым болгонун жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Талапкер катары арыз берген 7 талапкер 6-майда каттоого алынган. БШК муну комиссияда бир катар эрежелер өзгөрүлүп, мамлекеттик органдардын маалымат алып келүүсү сыяктуу айрым бюрократиялык процесстер тездетилгени менен түшүндүрөт.

Президенттикке талапкер күбөлүгү эң биринчи «Nur Otan» партиясы сунуштаган Касым-Жомарт Токаевге берилген.

«БШКнын планына ылайык талапкерлерди каттоо 11-майга чейин уланмак. Бирок БШК токтотту. Каттоого алуу мөөнөтүнөн мурда токтотулганы менен үгүт иштери өз убагында 11-майда башталат», — деп айтылат билдирүүдө.

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 2019-жылдын 9-июнуна белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM