Биз менен байланышыңыз

Алтайда 7 турист кар көчкүдө калып каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 8 мая 2019 | 503 | 0

9 адамдан турган туристтик топ 6-майда кар көчкүдө кабылып, жетөөсү көз жумду. Кырсык Орусиядагы Алтай Республикасынын Түштүк-Чүй тоо кыркасында болду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 6-майда болуп, кар көчкүдө калган 9 туристтин жетөөсү каза тапкан. Аман калган эки турист бүгүн, 8-майда Кош-Агач айылына түшкөн. Тоодо байланыш жоктугунан улам, окуя тууралуу буга чейин билдире алышкан эмес. Маалымат бүгүн гана берилген.

Учурда каза болгон туристтердин сөөгүн издөө үчүн куткаруу тобу дайындалып, бүгүн тик учак менен Тоолуу Алтайга жөнөтүлөрү айтылды.

Новосибирден келген топ, жүрүшкө чыгардан мурун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен атайын каттоодон өтүшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM