Биз менен байланышыңыз

Элизабет Турсынбаева дүйнөлүк алдыңкы 10 фигуристканын катарына кирди

Дүйнө , Кыска кабар | 7 мая 2019 | 837 | 0

Эл аралык коньки тебүүчүлөр союзу (ISU) 2018-2019-жылдын муз үстүндө бийлөөчүлөрдүн рейтингин чыгаргандыгын Vesti.kz сайты жарыялады.

Муз үстүндө бийлөөчүлөрдүн рейтингинин сап башында 4510 упай менен орусиялык Алина Загитова турат. Экинчи орунда  3459 упай менен япониялык Сатоко Мияхара, ал эми үчүнчү сапка 3384 упай менен дагы бир орусиялык спортчу Евгения Медведева жайгашкан.

Дүйнөлүк 10 алдыңкы муз үстүндө бийлөөчүлөрдүн катарына кирген казакстандык Элизабет Турсынбаева 3108 балл менен алтынчы орунду ээледи.

Белгилей кетсек , ушул жылдын март айында өткөн дүйнөлүк чемпионатта Турсынбаева Алина Загитовадан кийинки орунду алган.

 

Copyright © 2017 Maral FM