Биз менен байланышыңыз

Түрк тилдүү мамлекеттердин маалымат министрлеринин жыйыны 2020-жылы Кыргызстанда өтөт

Кыска кабар | 7 мая 2019 | 442 | 0

2020-жылы түрк тилдүү мамлекеттердин маалымат министрлеринин кезектеги жыйыны Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Азербайжандын Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин медиа боюнча жумушчу тобунун VII отуруму жана массалык маалымат каражаттар жаатындагы министрлердин, жогорку өкүлдөрдүн II отуруму өтүп жатат. Отурумга Кыргызстандан Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору Бактыгүл Норузбаева катышууда. Анда кызматташуу кеңешине мүчө болгон түрк тилдүү мамлекеттердин маалымат жана медиа аралык кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча иш-чараларынын планына толуктоолорду киргизип, жаңылап иштеп чыгуу каралууда. Ошондой эле, жыйында маалымат тармагында кызматташуу боюнча Меморандумга Кыргызстандын атынан «ЭлТР» мамлекеттик телерадиокомпаниясынын кол коёру күтүлүүдө.

Мындан сырткары, жыйында түрк тилдүү өлкөлөр ортосундагы маданий, тарыхый, спорттук иш-чараларды кеңири жайылтуу максатында өлкөлөр аралык FTP сервер ачуу жана маалымат алмашуу сыяктуу маселелер талкууланып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM