Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү согуштун ардагерлерин куттуктады

Кыска кабар | 7 мая 2019 | 452 | 0

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктады.

Жалал-Абад шаарындагы ардагерлер Сафин Гаффан, Александр Григорьев, Мамасалы Жумаев, Сыргабай Төрөгелдиев, Шабдан Нарматов аталардан кабар алып, атайын өкүлчүлүктүн белектерин жана акчалай жардамдарын тапшырды.

«Сиздердин кайратмандыгыңыздарды, эрдигиңиздерди баалоо, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ар тараптуу жардам көрсөтүү — биздин негизги милдеттерибиз бири» — деп белгилеп, аталарга узак өмүр, бекем ден соолук каалады.

Ошону менен бирге облус башчы ардагерлерди 9-май күнү өтүүчү салтанаттуу иш-чарага чакырды.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун 46 ардагери жана 75 ооруктун ардагери бар.

Copyright © 2017 Maral FM