Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Атамбаевдин арызы менен Юстиция министрлигине кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 7 мая 2019 | 585 | 0

Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Юстиция министрлигине карата жазган доо арызын каттоого алды. Бул тууралуу КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

«Жаңы кодекс боюнча реестрге катталды деген сөз мурдагыча кылмыш иши козголду дегенди түшүндүрөт. Юстиция министрлиги партиябыздын төрагасы деген жерге башка адамдын аты-жөнүн жазып койгону мыйзамсыз деп кайрылган болчубуз», — дейт Турдукулов.

Эскерте кетсек, 17-апрелде Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын электрондук маалымат базасында «Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын» документине өзгөрүүлөр киргизилгени белгилүү болгон. «Жетекчинин аты-жөнү» деген жерде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин ордуна Абдрахманов Сагынбек Үмөталиевичтин ысымы жазылган. Партиянын саясий кеңеши буга нааразы болуп, маалымат жыйын өткөргөн.

18-апрелде экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагасынын атын өзгөртүү боюнча Юстиция министрлигинин чечимин мыйзамсыз деп таануу керектигин айтып, өлкөнүн башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовго кайрылуу жасаган.

22-апрелде партия мүчөлөрү Юстиция министрлигинин имаратынын алдында «Адилетсиз министрлик» аталышындагы акция өткөрүшкөн. Анын жүрүшүндө министрликтин имаратына кирип сүйлөшүп чыккан Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП өкүлү Асель Кодуранова 7 күндүн ичинде документтерди толуктап, кайра жиберүүгө макулдашканын билдирген эле.

 

Copyright © 2017 Maral FM