Биз менен байланышыңыз

БУУнун штаб-квартирасында «Аялдар согушта» аттуу фотосүрөт көргөзмөсү ачылды

Кыска кабар | 7 мая 2019 | 450 | 0

Бириккен Улуттар уюмунун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында 9-май Улуу жеңиш күнүнө арналган «Аялдар согушта: эрдик жана баатырдык» аталышындагы фотосүрөт көргөзмөсүнүн расмий ачылышы болду. Көргөзмөнү мурдагы Советтер Союзунун бир катар мамлекеттеринин, анын ичинде Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү уюштурду.

Фотосүрөт көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышына БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерреш,  БУУга мүчө мамлекеттердин Туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жана БУУнун катчылыгынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Ачылыш улутчулдукка каршы күрөшүп, ааламда тынчтыкты орнотуу үчүн жанын кыйгандарды эскерген бир мүнөттүк аза күтүү менен башталды.

Көргөзмөнүн ачылышында куттуктоо сөзүн сүйлөгөн БУУнун Башкы катчысы Антонио Гуттереш улутчулдукка каршы жеңишке жетишкен аялдардын эрдигин баса белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын Буудагы Туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан даярдалган тактада II дүйнөлүк согуштагы Кыргызстандын аялдарынын баатырдыгы жана эрдиги, тылдагы аялдардын жеңишке кошкон салымы чагылдырылган. Мындан тышкары, тактада Ленинград блокадасынан улам Кыргызстанга жөнөтүлгөн 150 баланы асырап алган Токтогон Алтыбасарованын эрдиги баса белгиленген.

 

Copyright © 2017 Maral FM