Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков эки театрдын оңдоп-түзөө иштерин каржылоого көмөк көрсөтөрүн билдирди

Кыска кабар | 7 мая 2019 | 554 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-майда, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына жана Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрына барды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору Асылбек Өзүбеков маалымдагандай, театр 1926-жылдын 2-ноябрында негизделген. Театрдын имараты 1972-жылы пайдаланууга берилген. Акыркы жолу оңдоп-түзөө иштерине 2010-жылы 8 млн. сом бөлүнгөн. Учурда имарат оңдоп-түзөө иштери жана материалдык-техникалык базасын жаңылоо үчүн 76 млн. сомдон ашуун акчага муктаж.

Мамлекет башчысы чыгармачыл жамааттын репетициясына күбө болду. Асылбек Өзүбеков театрда тапкан каражаттардан жылына алты спектаклдин бет ачары тартууланып, орточо эсеп менен жаңы спектаклди элге тартуулоо үчүн 2 млн. сомго жакын акча каражаты жумшаларын айтты.

Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын директору Евгений Кузнецовдун маалыматына ылайык, театр 1935-жылы негизделген. Акыркы жолу 2016-жылы чатырын жабуу максатында ички каражаттан 150 миң сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, 2015-жылы бюджеттин эсебинен коомдук ажатканасын оңдоо ишине 1 млн. сом бөлүнгөн. 1972-жылдан бери театрдын имараты капиталдык оңдоодон өтө элек, материалдык-техникалык базасы эскирди. Бүгүнкү күндө капиталдык оңдоп-түзөө иштерине 114 млн. сомдон ашуун акча каражаты керек. Театр жылына 36 спектакль коюп, алардын ичинен 6сы жаңы спектаклдердин бет ачары болот.

Мамлекет башчысы эки театрдын имаратын көрүп чыгып, алардын тез арада капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн каржылоону тездетиш керектигин белгиледи. Ал начар шартта эмгектенип келген, бирок ишине берилген чыгармачыл жамаатка ийгилик каалап, каржылоо маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтөрүн убада кылды.

Copyright © 2017 Maral FM