Биз менен байланышыңыз

«Мармеладовдор» – коомдогу теңсиздикти чагылдырган спектакль (видео)

Билим-маданият , Марал шоу | 12 Апр 2021 | 12202 | 0

Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 9-апрель күнү  Ф.М. Достоевскийдин «Кылмыш жана жаза» романынын негизинде «Мармеладовдор» спектакли жабык эшик артында көрсөтүлдү. Бул спектакль азыркы жашоонун маңызын чагылдырып, учурдагы кырдаалды көз алдыңа тартып турат.

Аталган спектаклдин режиссёру Шамиль Дыйканбаевге суроо узатып, чыгарма тууралуу маек курдук.

— Шамиль мырза, чыгарманын өзөгүнө токтоло кетсеңиз?

— Бул чыгармада Мармеладовдор деген үй бүлө бар. Атасы ичип кеткен, апасы кургак учукка чалдыккан, кызы болсо сойку, үч наристеси үйүндө ачка отурган жакыр үй бүлө тууралуу баяндалат. Башкача айтканда, биздин социалдык жашообуздун тээ түпкүрүнө түшүп кеткен адамдар жөнүндөгү баяндама. Чыгармадагы Раскольников жөнүндө эмес, ушул үй-бүлө жөнүндө алып чыгууну туура көрдүм.

— Ал эми ролдор кандай бөлүштүрүлдү?

— Бул спектаклдин башкы ролун жараткандар: КР эмгек сиңирген артисти Жыпариза Көчөрбаева, мыкты актёр Нурлан Салидинов жана театрдын таланттуу актёру Адыл Болорбек уулу, Алтынай аттуу актриса кызыбыз. Баары мыкты каарманды жаратып берди. Мындан тышкары театрыбыздын жаш актёрлору да коштоду.

— Чыгармага кандайча кайрылып калдыңыз?

— Бир сөз менен жеткирип айтуу кыйын. Негизи, бул спектаклдин башында Жыпариза Көчөрбаева турат десем болот. Мындан эки жыл мурун «Чогуу бир спектакль жаратпайлыбы?» — деп сунуштап калды. Көптөн бери Достоевскийдин ушул чыгармасын коюуну ойлонуп жүргөм. Эженин сунушун жактырдым. Экөөбүздүн пикирибиз бир жерден чыгып калды көрүнөт. Екатерина Ивановна аттуу башкы каарманды Жыпариза эжеге берүүнү туура көрдүм. Көркөм кеңешке сунуштап, жактырылгандан кийин, чыгарманын үстүндө иш алып барып баштадык.

— Спектакль буга чейин коюлганбы?

— Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын сахнасында коюлган эмес. Бирок, Нарын облусундагы М. Рыскулов атындагы музыкалык драма театрында Совет мезгилинде улуу режиссёрубуз Алмаз Сарлыкбеков кайрылган экен. Ал автордун салттуу сюжети боюнча койгон. Ал эми биз башка багытын алдык. Мисалы, чыгармадагы аттарды өзгөрткөн жокпуз. Сахнада Мармеловдордун гана үй бүлөсү сүрөттөлөт. Өзүңүздөр билгендей, ар бир замандын өз көйгөйү бар. Ал маселе Достоевскийдин бул чыгармасында кеңири камтылган. Менин жеке оюмда, классикалык мыкты чыгарма деп эсептейм.

— Бул чыгарма менен көрүүчүлөргө эмнени айткыңыз келет?

— Биринчиден, көрүүчү өз көзү менен көрүп, бир тыянак чыгаруусу керек деп ойлойм. Чыгарма аркылуу: «Ушул заманда деле адамдар кыйналып жүрө беребизби? Кынайлып жашап өтөбүзбү?» – деген ойду айткым келген. Адамдарды биз ак-карага бөлбөшүбүз керек. Ичкилик ичкен, бузулган адам болсо эле аны коомдон чыгарып салуу туура эмес. «Мен жакшымын, сен жамансың» деп жыйынтык чыгарбашыбыз зарыл.

Экинчиден, мага өтө таасир эткени, жайында ушул чыгарманын үстүндө иштеп жаткан мезгилимде бир учур катталды. Бир киши дарыканага кирип, дары уурдап жатып кармалып калды. Аны сот кесип жиберди. Ал киши дарыны үйүндө ооруп жаткан балдарына уурдаган экен. Ушул окуя мага абдан катуу тийген. Анткени миллиондорду уурдагандар эркиндикте жүрөт. Ал эми карапайым калк камалып жатат. «Чындык кайда?», «Акыйкаттык кайда?»- деген суроо жаралбай койбойт. Мына ушундай турмуштун оор учурларын чыгарма аркылуу көрүүчүлөргө ачып берүүгө аракет кылдык.

Белгилей кетсек, жабык коюлумга массалык маалымат каражаттары жана маданият өкүлдөрү катышты. Театрда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу саналуу көрүүчүлөргө гана көрсөтүлдү. Ал эми аталган театрдын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбеков спектакль тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

«Бул — социалдык, психологиялык, философиялык багыттагы өзгөчө чыгарма. Былтыр курч кырдаалга карабай, бир топ көрүүчүгө көрсөтүп жетишкенбиз. Бүгүн кайрадан сиздерге тартуулоону туура көрдүк. Себеби биз, артистер ар дайым өзүбүз менен иштеп турбасак, башка багытка бурулуп кетишибиз ыктымал. Ар бир актер чыгарма менен жашайт. Бул спектаклдин чыгышын колдоп, каржы жагынан көмөгүн көрсөткөн Маданият министрлигине терең ыраазычылык билдиребиз. Ал эми спектаклдин кандай болгонун көрүүчүлөр, сиздер баа бересиздер», — деди.

Даярдаган: Улукман Атабеков

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM