Биз менен байланышыңыз

Театрдын көрүүчүлөрү көбөйдү

Билим-маданият | 27 Мар 2019 | 889 | 0

Жыл сайын бул күн «Эл аралык театр күнү» деп белгиленип келет. Бирок акыркы 15 жылдан бери Кыргызстандын экономикалык оор абалынан улам унутта калып кеткен. Акыркы жылдарда гана кайрадан жанданып, коомчулук спектакль көргөнгө агылууда.

Бүгүн 27-март – Эл аралык театр күнү. Бул күн XX кылымдын 90-жылдарына чейин расмий белгиленип келген. Өлкөдөгү экономикалык оор абал театр өнөрүнө да таасирин тийгизип, соңку он беш жылдан бери театрдын тагдыры солгундай түшкөн. Жан дүйнөгө азык берип, чыныгы искусство аталган театрга бүгүнкү күндө коомчулук кызыгабы? Эс алуу үчүн атайын спектакль көргөнү келгендер барбы? Бул суроолордун тегерегинде атайын иликтөө жүргүзүп көрүп:

-Кышында эле барып келдик үй-бүлөбүз менен. Бишкекте жайгашкан үч театрга тең барып, кадимкидей эс алдык.

-Жок мен барбайм. Каалаган нерсемди убакыт коротпой эле интернеттен таап алам.

-Барчумун. Чынын айтсам көп болду. Көр турмуш деп жүрүп, андайды да унуттук.

-Чыныгы маданият театрда деп билем. Бирок тилекке каршы, азыркы жаштар билбей жатпайбы? Ошон үчүн коомго кайрылат элем, баргыла, көргүлө, үйрөнгүлө, — деген сыяктуу жоопторду алдык.

Анткен менен учурда кыргыз театрдын абалы мурункуга салыштырмалуу бир кыйла жакшырды. Мунун далили катары көптөгөн эл аралык фестивалдарда Кыргыз өлкөсүнүн театр искусствосуна башка мамлекеттердин жогорку баасын берип келатканын айтсак жетиштүү. Мен драматург катары эл аралык фестивалдарга барып калганда, кыргыз театрына жана андагы таланттарга берилген жогорку баага күбө болуп келем. Алардын айтымында, кыргыз театр искусствосу актердук чеберчиликтин учугун үзбөй, татыктуу улантып жатканы кубандырат. Кийинки учурду алсак, жаштардын басымдуу бөлүгү спектакль көрүүгө барып калышты. Маселен, өткөндө эч кимге айтпай  Оштун театрына кирип барсам, залда эл өтө көп экен. Демек, кайрадан театрга болгон кызыгуу күчөп жатыптыр деген ойдо калдым, — дейт КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, белгилүү драматург Кайрат Иманалиев.

Акрисалык өнөр жайыла баштаган мезгилде театрды күткөндөр, сыйлагандар жана суктангандар көп болчу. Бирок учурда техниканын заманында жан дүйнөгө чыныгы азыкты тартуулоо кыйын болуп калды. Мындай пикирин КРнын Эл артисти Жамал Сейдакматова билдирди. Ал 17 жашынан театр чөйрөсүнө аралашып, өнөр дүйнөсүнүн казанында кайнап жүргөнүнө быйыл 62 жыл толот.

-Театрга келгениме быйыл 62 жыл болот. Бул чөйрөгө мен 17 жашымда келгем. Кыштын суугуна тоңуп, жайдын ысыгына чыдап, көптөгөн кыйынчылыктарды баштан өткөрүп жүрүп, бүгүнкү күнгө жетип отурабыз. Азыркы менен мурунку театрдын айырмачылыгы тууралуу айтсам: мен театрга жаңы аралашкан учурда борбордо бир гана театр бар болчу. Элдин баары агылып барып, аталган чөйрөнүн орду чоң болчу. Бизге атайын партиянын 60-70 жылдыгына карата спектакль койгула деген сунуштар да келчү.  Айылдарга оюн коюп барганда, элдин баары чоң салтанат менен тосуп алышчу. Тилекке каршы, азыр андай эмес.

Анткен менен акыркы учурларда театрларга келген жаштардын саны аз эмес. Кыргыз драма театрынын жетекчиси Асылбек Өзүбековдун айтымында, зал күн сайын  толуп, театр кызматкерлери да эл талап кылган чыгармаларды коюп берүүдө. Мындан сырткары театр тармагында эмгектенгендердин айлык-маянасы 80%га көтөрүлгөн. Элден түшкөн акча театрдын кеңсесин оңдоп-түздөө үчүн жумшалууда.

Элдин эсине сала кетсек, 28-мартта таланттуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын 75 жылдык мааракесине арналган көргөзмө ачылат. Ал эми 30-мартта шаар тургундары жана  коноктору үчүн жыйынтыктоочу иш-чара болот. Анда «Ала-Тоо» аянтында «Театр керемети» аттуу оюн-зоок программасы тартууланат.

Copyright © 2017 Maral FM