Биз менен байланышыңыз

Савченко: Зеленскийге койчу талабым бар

Дүйнө , Кыска кабар | 7 мая 2019 | 525 | 0

Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленский өлкөнү сырткы таасирлерден коргошу керек. Мурунку башчылардын колунан бул нерсе келген эмес. Мындай пикирин элдик депутат Надежда Савченко NewsOne телеканалына берген маегинде билдирди.

«Зеленскийди көп кыйынчылыктар күтүп турат. Менин да ага койчу талабым бар. Сырткы таасирлерден Украинаны коргошу керек. Буга чейинки президенттер аны аткара алган жок. Бизге дайым Чыгыш же Батыш таасир этип келет. Алардан качуу, ошону менен биргеликте өнөктөштөрдү жоготпоо кажет. Анын үчүн ага мыкты, акылман кеңешчилер зарыл», — дейт депутат айым.

Апрелде Савченко Зеленскийди колдой турганын айткан. Бирок, жаңы президент менен сүйлөшчү маселелер да бар экенин кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM