Биз менен байланышыңыз

Коронавируска кабылган Зеленский ооруканага жаткырылды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 620 | 0

Украина президенти Владимир Зеленский менен анын кеңсе жетекчиси Андрей Ермак коронавирус инфекциянын айынан ооруканага жаткырылды. Учурда алар «Феофания» клиникалык ооруканасында эмделүүдө.

Андрей Ермактын кеңешчиси Михаил Подоляктын айтымында, өлкө башчылары протоколго ылайык дарыланып жатышат.

-Президент жумушун улантып, онлайн жыйындарга катышууга шарт түзүлгөн атайын кабинеттер бар, — дейт Подоляк.

Украина лидери Зеленскийден 9-ноябрда коронавирус инфекциясы аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM