Биз менен байланышыңыз

Зеленский Путин жана Лукашенко тууралуу пикирин билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Авг 2020 | 643 | 0

Украина президенти Владимир Зеленский  Euronews телеканалына берген маегинде, Орусия президенти Путин жана Белоруссия президенти Лукашенко тууралуу пикирин билдирди.

Зеленскийдин айтымында, ал Орусия президенти Путин менен түз диалогго барууга даяр. Эки президенттин ортосундагы диалогдор Донбасста тынчтык орнотууга түздөн-түз салымын кошот деп эсептейт. Ошондой эле буга чейинки сүйлөшүүлөр да маселенин жылышына өбөлгө түзгөн. Бирок бул Донбасстагы тынчтык келишимин аткарууга дагы деле жетишсиз деп кошумчалаган.

Мындан сырткары Зеленский Белоруссиядагы абал тууралуу пикирин билдирип, коңшу өлкөдө 2014-жылдагы Украинадагыдай абал кайталанбаса экен деп тынчсызданган. «Мен белорустардын өлүшүн, тактап айтканда алардын өлтүрүлүшүн каалабайм»-деп кошумчалаган. Ошондой эле беларус бийлиги менен эл сүйлөшүү жүргүзүп, компромисске барууга дагы деле мүмкүнчүлүк бар деп эсептейт.

Ал эми кесиптеши Лукашенконун ордунда болгондо эмне кылмаксыз?-деген суроого: «Шайлоолорду кайра өткөрүп, чет жактан көз карандысыз байкоочуларды чакырмакмын»-деп жооп берген.

 

Copyright © 2017 Maral FM