Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат

Кыска кабар | 6 мая 2019 | 624 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян атындагы кайрымдуулук жана гуманитардык фондунун башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Америни кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда аталган фонддун Кыргызстандагы ишмердиги, элет жерин таза суу менен камсыз кылуу жана ирригация системаларын өнүктүрүү, жаңы ооруканаларды куруу жана оңдоп-түзөө, жаңы мектептерди жана бала бакчаларды куруу иштери боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Ошондой эле, Сооронбай Жээнбековдун үстүбүздөгү жылы Бириккен Араб Эмираттарына боло турган сапары тууралуу да сөз болду.

Copyright © 2017 Maral FM