Биз менен байланышыңыз

«Өлкө үй-бүлөлүк башкаруудан арыла албай жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 мая 2019 | 475 | 0

Бир да жерде элдин кызыкчылыгы үчүн кадрдык саясат башталган жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев «Марал» радиосуна берген маегинде  экенин билдирди.

Анын айтымында, тунгуч президент Аскар Акаевдин убагында, тагыраагы, 1992-1998-жылдары бийлик бутактарынын ортосунда атаандашуу принциптери жакшы иштеген. Андан соң, үй-бүлөлүк башкаруу башталган. Ал бүгүнкү күнгө чейин өзгөрбөй келе жатат.

«Фракциялар кызматтарды «жиликтеп» бөлүп алышты. Ал тургай, айыл өкмөттөрүнө чейин бөлүп алышты. Учурда ошонун азабын тартып жатабыз. Аны президент да жөнгө сала албай калды. Президенттин сөзүнө ишенсек, ал бир туугандарын жолотпой турганын айтууда. Бирок иш жүзүндө абал мурдагыдай, туугандары аралашып жатат. Биз трайбалисттик көз караштарды токтотмоюнча жалчыбайбыз. Өлкө учурда бардык көрсөткүчтөр боюнча жан кейиштерлик абалда», — дейт Осмоналиев.

Анын баамында, кыргыз саясатчылары кошоматчылыктын, эки жүздүүлүктүн болуп көрбөгөндөй чегине жетти.

«Убагында Сапар Исаоквду кандай мактадык эле? Эми түрмөгө түшсө, тепкилеп калдык. Өлкөнүн түбүнө эки жүздүүлүк, кошоматчылык жетүүдө. 30-40 жаштын арасындагы жаштардын көз карашын байкап жүрөм. Аларды саясатка аралаштырбай, өз туугандарыбызды «мына жаштар» деп көрсөтүп, кара ниеттик кылып жатабыз. Кыргызстан кадр маселелсинин азабын тартып жатат. Көптөгөн мыкты адистер чет өлкөгө кетип калды», — дейт Осмоналиев.

Copyright © 2017 Maral FM