Биз менен байланышыңыз

Пробация институтун иштетүү боюнча айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыска кабар | 6 мая 2019 | 645 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Пробация институтун иштетүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 20-мартта кабыл алынган.

Аталган мыйзамды кабыл алуу менен Кыргыз Республикасынын «Пробация жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу жана жаза түзөтүүлөрүн аткарууга жагымдуу шарттарды түзүү жана тараптарга кылмыш-жаза мүнөзүндө чара колдонууга байланыштуу социализациялоо зарылдыгынан улам келип чыккан.

Бул максатта бир катар мыйзам актыларына, анын ичинде «Балдар жөнүндөгү» кодекске өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM