Биз менен байланышыңыз

Шереметьеводо өрттөнгөн учактын «кара кутусу» табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 мая 2019 | 651 | 0

Шереметьево аэропортунда, 5-майда өрттөнгөн «Sukhoi Superjet-100» (SSJ-100) учагынын бортундагы «кара кутулар» табылды. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

“Кара кутунун экөө табылды. Учурда алардын абалы текшерилүүдө. Аны чечмелөөгө жарар-жарабасы текшерүүдөн соң аныкталат», — дейт маалымат булагы.

Айта кетсек, Москвадан Мурманск шаарына сапар алган «Аэрофлот» лайнери авариялык кырдаалдан улам, кайра конуу учурунда өрттөнүп кеткен. Кырсыктан 40 жүргүнчү, 1 экипаж мүчөсү көз жумган.

Арасында кыргызстандыктар жок экенин элчилик билдирди.

Жергиликтүү убакыт менен саат 17:57де асманга көтөрүлгөндө учак, саат 18:25те авариялык кырдаалдан улам, кайра конууга уруксат сураган.

Алгач өрт электр жабдууларынан кеткен мүчүлүштүктөн улам чыккан деген божомол айтылса, кийин синоптиктер учакка чагылган тийген деген болжолду жарыялашты.

Күйүп кеткен учак 2017-жылы жасалган. Ушул жылдын апрель айында пландык техникалык кароодон өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM