Биз менен байланышыңыз

Түндүк Македониянын жаңы президенти шайланды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 мая 2019 | 393 | 0

Түндүк Македониядагы президенттик шайлоодо Социал-демократиялык партиясынан талапкер Стево Пендаровски жеңип чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Зоран Заев билдирди.

5-майда өткөн шайлоодо 1,8 миллиондон ашык шайлоочу добуш берип, жыйынтыгында, Пендаровскиге 423 миңден көп, атаандашы Гордана Силяновска-Давковага 368 миңден ашыгыраак добуш алган.

Түндүк Македонияда президенттин милдети негизинен расмий салтанаттарга катышуу менен байланыштуу, башкаруу иштерин премьер-министр жүргүзөт.

Стево Пендаровски — өлкөнүн НАТОго кирүү маселеси боюнча координатору, бийликтеги социал-демократтардын колдоосуна таянат. Ал мурдагы эки президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси болгон.

Пендаровски 2014-жылдагы шайлоого катышып, экинчи орунду ээлеген болчу. Ал 1963-жылы Скопьедо туулган.

Copyright © 2017 Maral FM