Биз менен байланышыңыз

Чүй дарыясын кечип Казакстанга өтмөкчү болгон жаран кармалды

Кыска кабар | 6 мая 2019 | 443 | 0

Мамлекеттик чек ара кызматы чек ара тилкесин мыйзамсыз кесип өтүүгө аракеттенген Кыргызстандын жараны колго түштү.

Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

5-майда Чүй облусунун чек арачылары чек ара өткөрүү бекетинен башка жерден мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген жаранды колго түшүргөн.

Васильевка айылына жакын жердеги Чүй дарыясынын жээгинен шектүү бирөө байкалган. Ал кармалып, Казакстан тарапка өтүүгө аракет кылганы аныкталган.

Тийиштүү документтер толтурулуп, шектүү УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Copyright © 2017 Maral FM