Орусиялык 17 турист чума илдетине карата киргизилген карантинден улам, Монголиядан чыга албай калды.
Бул тууралуу Орусиянын аталган өлкөдөгү элчилигинин пресс-атташеси Ксения Панкова билдиргенин www.vesti.ru маалымат булагы жарыялады.
Монголиянын батыш тарабындагы Баян-Улгий провинциясында чума илдети катталып, карантин киргизилген.
«Чума оорусу катталып, эки адам илдетке кабылганы тууралуу маалыматты биз экинчи майда алганбыз. Баары жакшы болуп, карантин бүтөт деп үмүттөнүп жатабыз», — деди ал.