Биз менен байланышыңыз

Бирөөнүн паспорту менен Түркияга учканы жаткан аял кармалды

Кыска кабар | 4 мая 2019 | 453 | 0

«Манас» эл аралык аэропортунан башка бирөөнүн паспорту менен Түркия өлкөсүнө учуп кетүүгө аракет кылган аял кармалды.

Бул тууралуу чек ара кызматы кабарлады.

Бүгүн Бишкек — Стамбул каттамы боюнча сапарга аттанган кыргызстандык аял «Манас-аэропорт» көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги текшерүү учурунда чек арачыларга 1991-жылы туулган кыргызстандык Н. Д.нын ысымына жазылган жалпы жарандык паспортту көрсөткөн.

Чек арачылар паспорттогу сүрөт менен анын өң-келбети окшобогондугун аныкташкан.

Кармалган аял өзү да башка бирөөнүн паспорту аркылуу чет жакка учуп кетүүгө аракет кылганын мойнуна алган.

Тийиштүү документтер толтурулуп, кармалган аял Улуттук коопсуздук комитетинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM