Биз менен байланышыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков расмий иш-сапар менен Венгрияга чакырылды

Кыска кабар | 3 мая 2019 | 469 | 0

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапар менен Венгрияга чакырылды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртонун жолугушуусунда маалым болгонун аталган министрликтин маалыматтык департаменти кабарлады.

1-3-май күндөрү Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртонун чакыруусу боюнча Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Венгриянын Будапешт шаарына расмий иш сапар менен барган.

Венгер тарап мындан сырткары, Бишкекте дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачууга даяр экендигин билдирген. Эки министр кыргыз-венгер соода-экономикалык кызматташтыгын мындан ары бекемдөө жана күчөтүү максатында тараптар биргелешкен түз инвестициялар фондун түзүүнүн болжолдуу механизмдерин талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM