Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура: Исаковдун күнөөсүн далилдөөчү материалдар жетиштүү

Кыска кабар | 3 мая 2019 | 682 | 0

Башкы прокуратура акыркы учурда Сапар Исаков менен Айбек Калиевдин жактоочуларынын таратып жаткан билдирүүлөрүнө жооп кылып, аталган жарандардын күнөөсүн тастыктаган документке негизделген фактылар, материалдар жетиштүү экендигин билдирди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Сапар Исаков жана Айбек Калиев бюджеттен каржыланган мамлекеттик ири курулуш долбоорун ишке ашырууда техникалык-экономикалык негиздемеси жок, долбоорлоо-сметалык документтер бекитилбеген шарттарда аткаруусунун кесепетинен 5 миллиард 439 миллион 527 миң 482 сомду орунсуз жок кылышып, мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтиришкен. Коюлган айыптар жазык ишинин ичинде коррупциялык кылмыш болуп эсептелет.

Кыргыз тарапты долбоорго катышуудан толук четтетип, ТВЕА компаниясынын пайдасын көздөгөн смета түзгөнү боюнча, оңдоп-түзөө иштери жана жабдууларды сатып алуу үчүн подряддык компания менен түзүлгөн контракттын шарттарынын негизинде мамлекет тарабынан Эксимбанктан кредит катары алынган 386 млн. долларды өздөрү каалагандай сарптаганы парламенттик угуулар учурунда жана тергөөнүн жүрүшүндө да тастыкталган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, баасы 150 млн. АКШ долларлык, аткаруу мөөнөтү 2014-2017-жылдарга белгиленген «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоору Кыргызстандын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеши тарабынан Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына киргизилген. Мындан сырткары, «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун 150 млн. АКШ долларына ишке ашырууга даярдыктар көрүлгөнү тууралуу документалдык далилдер бар.

Ал эми, Мусажан Макелекке жана башка адамдарга карата коюлган кылмыш иши толук процесстик кодекстин талаптарына ылайык жүргүзүлгөндүктөн, бул маселе менен таанышуу учурунда айыпталуучулар жана алардын өкүлдөрү тарабынан кандайдыр бир өтүнүч келтирилген эмес. Эгерде алардын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын бузулгандыктары
жөнүндө далилдер бар деп эсептешсе, ал процесстик ченемдерге ылайык, айыпталуучулар жана алардын өкүлдөрү тарабынан соттук териштирүүнүн жүрүшүндө тастыкталууга тийиш.

Copyright © 2017 Maral FM