Биз менен байланышыңыз

Батукаевге «рак менен жабыркайт» деп аныктама берген дарыгерлер кармалды

Кыска кабар | 3 мая 2019 | 1042 | 0

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин кылмыш ишин тергөөнүн алкагында эки онколог кармалды. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары жеке булактарына таянып жазып чыгышты.

Иш Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Маалыматка ылайык, колго түшүрүлгөн дарыгерлер Азиз Батукаевге рак оорусу менен жабыркайт деген аныктама беришкен.

Кошумчалай кетсек, мыйзамдагы ууру Азиз Батукаев 2013-жылы жаза мөөнөтү бүтө электе абактан чыгып кеткен. Анткени ага «оорусу катаал, 2 жумадан соң каза табат» деген бүтүм чыгарылган болчу.

Нарындагы абактан чыккан соң, Азиз Батукаев кыргыз паспортун алып, Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин коштоосунда «Манас» аба майданына келген. Маалыматтар боюнча, ал жерден Орусияга учуп кеткен.

Учурда Азиз Батукаев Чеченстанда ден соолугу бекем абалда жүргөнү тууралуу маалыматтар бар.

Copyright © 2017 Maral FM