Биз менен байланышыңыз

Азиз Батукаев боюнча сот отуруму 12-декабрга жылдырды

Кыска кабар | 10 Дек 2019 | 534 | 0

Бүгүн, 10-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш боюнча соттук отурум өтмөк. Айыпталуучу Раимжановдун саламаттыгына байланыштуу, отурум бейшемби, 12-декабрга жылдырды.

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негиз менен Нарында түрмөдө жаткан жеринен атайын коштоо менен Бишкектен “Манас” аэропортунан менчик учак менен Грозныйга учуп кеткен.

Бул иште Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев башкы айыпталуучу катары саналууда.

Эске сала кетсек, ноябрдын соңунда Атамбаев УКМКнын тергөө абагынан сотко алынып келинген. Анда Атамбаев кылмыш иши менен таанышуу үчүн убакыт сураган.

Атамбаев иш менен таанышуудан жана сот ишине катышуудан буга чейин баш тартып келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Copyright © 2017 Maral FM