Биз менен байланышыңыз

Ажы башчылыкка талапкерлер сынак тапшырышты

Кыска кабар | 3 мая 2019 | 912 | 0

2-майда «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде болочок ажы башчылар ажылыктын жол-жобосу, шарттары жана эрежеси боюнча тест тапшырышты. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты. Анда ар бир ажы башчыга 50 тесттик суроо берилип, ийгиликтүү тапшырган ажы башчылар 3-4-майда өтө турчу баарлашуу сынагына катышуу укугун алышты.

Тесттен 139 талапкер өттү. Эми ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын мүчөлөрү алардын ичинен 109ун ажы башчылыкка тандап алышмакчы.

Ажы башчылардын ар бирине 49 адамдан турган топ бөлүнүп берилет.

Эске салсак, быйыл Сауд Араб Падышачылыгы быйылкы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 5510 квота бөлгөн. Сапардын баасы 3000 АКШ доллары деп бекитилген.

Сынак тапшыргандардын тизмеси: https://muftiyat.kg/janylyktar/8065/

Copyright © 2017 Maral FM