Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан элинин Ассамблеясынын 25 жылдык мааракеси өтөт

Кыска кабар | 3 мая 2019 | 547 | 0

Бүгүн, 3-майда Кыргызстан элинин Ассамблеясынын 25 жылдык мааракеси жана уюмдун IX курултайын өтөт. Мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында өтө турчу иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков да катышат.

2-майда президент Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы, Акыйкатчы Токон Мамытовду кабыл алган. Анда бул иш-чараларды өткөрүүгө көрүлгөн даярдык боюнча маалымат берилген.

Салтанаттуу иш-чарага жакынкы жана алыскы 15 чет өлкөдөн 400дөн ашуун конок катышат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Ассамблеянын этникалык көп түрдүүлүктү сактоодо, жарандык интеграцияны өнүктүрүүдөгү ролун, уюмду кайра форматташтыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM