Биз менен байланышыңыз

Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновдун ишин карайт

Кыска кабар | 3 мая 2019 | 587 | 0

Бүгүн, 3-майда Жогорку Сотто саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши каралат.

Буга чейин 23-апрелдеги отурумда прокурор бул иштин материалдары көп болгондуктан, аны менен таанышып чыгуу үчүн убакыт сурап, соттук отурумду башка күнгө жылдырууну сунуштаган.

Ага жактоочулар каршы чыгып, отурумдун күнү атайын жылдырылып жатканын айтышкан. Соттук коллегия отурган жеринде кеңешип, бул өтүнүчтү канааттандырып, соттук отурумду бүгүнкүгө белгилеген.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мындан ары жактоочулардын жардамы менен соттун туура чечим чыгаруусусун талап кылышарын айткан.

Өмүрбек Текебаевге карата 2017-жылы «Мегакомду» сатууга көмөктөшүү максатында орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылдын 16-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан.

Жаңы мыйзамдардын ишке киришине байланыштуу «Адилет» укуктук клиникасы ишти кайра кароо өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылган.

Copyright © 2017 Maral FM