Биз менен байланышыңыз

Үч айда ИИМ тарабынан 19 миң 252 кылмыш катталды

Кыска кабар | 2 мая 2019 | 476 | 0

Ушул жылдын 3 айында өлкө боюнча Укук коргоо органдары тарабынан 22 миң 164 кылмыш иши катталган. Ал эми Ички иштер органдары тарабынан 19 миң 252 кылмыш катталып, кылмыштын жалпы санынын 86,8 %ын түздү. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда Ички иштер органдарынын кварталдык ишмердүүлүгү боюнча болуп өткөн коллегиялык жыйында билдиришти.

3 ай аралыгында республика боюна жалпы Укук коргоо органдары тарабынан 17 миң 98 жорук катталган. Алардын ичинде 16 миң 845 жорук Ички иштер органдарында катталган. Бул катталган жоруктардын жалпы санынын 98,5 %ын түзгөн. Учурда Ички иштер органдарынын өндүрүшүндө 20 миң 442 кылмыш иши тергелүүдө.

Жыйында ИИМдин коллегиясы Ички иштер органдарынын үч ай ичинде аткарган ишмердүүлүгүн кеңири талкууга алды жана жетекчилер тарабынан кетирилген кемчиликтерди оңдоо боюнча көрсөтмөлөр берилди. Ошондой эле, бир катар жетекчилерге ушул жылдын биринчи жарым жылдыгы менен коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү жетекчилик ишмердүүлүгүнө кайрадан кайрылып, ар бирине баа бериле тургандыгы эскертилди.

Copyright © 2017 Maral FM