Биз менен байланышыңыз

Улуттук филармониянын оңдоп-түзөө иштери июнда аяктайт (сүрөт)

Кыска кабар | 2 мая 2019 | 522 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ушул тапта аталган имаратта иш кызуу жүрүп, паркеттер, көрүүчүлөр залы жана эмеректер жаңыланууда.

Кошумчалай кетсек, Улуттук филармонияда жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштери июн айында өтө турчу Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине чейин бүтүшү керек.

 

Copyright © 2017 Maral FM